Көгүлтүр оттун көлөмү азайды

Өзбекстандан Казакстан аркылуу Кыргызстандын түндүгүнө келе турган газдын көлөмү азайды. Бул тууралуу “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жайнагүл Максимова “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка ылайык, апта башында Казакстандан саатына 350 миң куб метр газ келген болсо, азыр бул көрсөткүч 240 миң кубду түзүүдө. Расмий тараптар, бул жагдайды суук күчөгөндүктөн газ түтүктөрүндөгү басымдын төмөндөп кеткени менен түшүндүрүүдө. Мындан улам Бишкектин бир катар аймактарында имаратты жылытуу үчүн газ берилбей калды. “Кыргызгаз” жагдай жакынкы күндөрү чечилерин билдирүүдө. (KKs)