Казакстанда тополоңдо тартылган видеотасма интернетке чыкты

Казакстандын АКШдагы элчиси Ерлан Идрисов Жаңы-Өзөндөгү атышууну көрсөткөн видеотасмасын “үрөй учурарлык” деп баалады.

- Албетте, бул үрөй учурган видео сүрөттөр. Бул видео кантип тартылган, ким тарткан сыяктуу суроолорго эч нерсе айта албайм. Окуя 16-декабрда болсо, видео интернетте 21-декабрда пайда болду. Бир гана нерсе - өкмөттүн эң жогорку адамдары бул тасма тууралуу кабардар. Буга окшогон фактылар иликтене тургандыгы тастыкталды.

Интернеттин «Ютуб» булагында тараган тасмада 16-декабрда Жаңы-Өзөндө катуу куралданган атайын күчтөр чогулган адамдар качканда артынан ок атып кубалап баратканы, жыгылган бирөөнү куралчандар желим союл менен айосуз койгулап жатканы жана ок тийип кулагандарды көрүүгө болот.