Чехияда мурдагы президентке зыйнат көрсөтүп жатышат

Маркум Вацлав Гавелдин сөөгү салынган табыт бүгүн Праганын көчөлөрү аркылуу алынып өтүлгөндө, аны миңдеген адам коштоп жүрдү. Мурдагы президентти акыркы сапарга узатуу 23-декабрга белгиленди. Ага чейин Гавелдин сөөгү салынган табыт чех президенттеринин резиденциясы – Прага сепилинде турат. Бүгүн Чехияда үч күндүк улуттук аза күтүү башталды.

Вацлав Гавел 76 жаш курагында ушул жекшембиде дүйнөдөн өткөн. Драматург жана мурдагы диссидент Чехословакиянын президенти болуп алгач 1989-жылы, коммунисттик бийликтин кулашына алып келген “баркыт ыңкылабынан” кийин шайланган. 1993-2003-жылдардын аралыгында ал Чех республикасынын президенти болгон.

Гавелди мамлекеттик сый-урмат менен акыркы сапарга узатуу зыйнатына бир катар чет өлкөлүк саясатчылар, анын ичинде Словакия, Австрия, Франция президенттери, АКШнын Мамлекеттик катчысы катышары күтүлүүдө.