“Кыргызгазды” менчиктештирүү маселеси талкууланды

Президент Алмазбек Атамбаев Москвадагы жумушчу сапарынын алкагында “Газпром” ачык акционердик коомунун төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту. 20-декабрда өткөн жолушууда тараптар “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасын менчиктештирүүгө көңүл бурушуп, кийинки жылдын февраль айында эки өлкөнүн жумушчу топтору бул маселе боюнча эсептөөлөрдүн жыйынтыгын бере турганы кабарланды. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай,“Газпром” жетекчиси Кыргызстандын эки газ кениндеги геологиялык чалгындоо иштери өз убагында жүргүзүлө турганын айтып, Кыргызстанга бензин толук көлөмдө жеткирилип жатканын кошумчалады.

Кыргызстандын колунда “Кыргызгаздын” 82 пайыздан ашуун акциясы бар. Буга чейин анын 75 пайызын "Газпромго" сатуу макулдашылган. Ишкананын акцияларын сатуудагы негизги максат - Кыргызстанга үзгүлтүксүз газдын келишин камсыз кылуу жана өлкөдө газ булактарын издөө иштерин жүргүзүү деп белгиленген. (KKs)