Өкмөт башчы үчүн добуш берүү башталды

Азыр парламентте өкмөт башчы үчүн талапкерлерге добуш берүү башталды. Добуш берүү үчүн бюллетенге үч талапкердин ысмы кирди. Алар: Өмүрбек Бабанов, Нариман Түлеев жана Равшан Жээнбеков. Анын алдында алар өлкөнү өнүктүрүү боюнча программасы менен тааныштырган. Депутат Исмаил Исаков сунуштаган төртүнчү талапкер - Темир Сариев болсо парламентке келген жок.

Ал мындай сунуш күтүүсүз болгонун, талапкерлигин көрсөткөн Исмаил Исаковго ыраазычылык билдирүү менен талапкерлигин алып салаарын айтканын КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков жарыялады. (SM)