“Элдик кеңеш” кыймылы Ошто курултай өткөрөт

“Элдик Кеңеш” республикалык кыймылы Ош шаарында 21-декабрь курултай өткөрүп, апрель окуясынан кийинки бийликтин кемчиликтерин талкууга алат. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыймылдын уюштуруу комитетинин төрагасы Араппай Ураимов билдирди. Анын айтымында, Ош жана Жалал-Абаддагы былтыркы капсалаңдуу окуяларды алдын ала албагандыгы үчүн убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрү жооп берүүгө тийиш. Курултайга Жогорку Кеңештен да өкүлдөр келиши мүмкүн. Бирок кимдер келээри анык эмес. Өкмөттөн эч ким чакырылган жок. Мунун себебин уюштуруучулар "чакырган менен алар баарыбир келишпейт" деп түшүндүрүштү.

“Элдик Кеңеш” кыймылы Акаевдин бийлиги кулагандан соң, 2006-жылы уюшулган. Анын канча мүчөсү бар экендиги жөнүндө кыймылдын башындагылар так жооп бере алышпады. (SE)