Суталинов камалышын талап кылгандар жол тосту

“Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” жана “7-апрель” кыймылынын 50 чакты өкүлү Улуттук коопсуздук кызматынын мурунку төрагасы Мурат Суталиновдун камакка алынышышын талап кылып, Ак үйдүн алдында Чүй проспектисин буушту. Бул тууралуу “Азаттыкка” “7-апрель” кыймылынын башчысы Өндүрүш Токтонасыров билдирди. Анын айтымында, акцияга чыккандар Суталиновдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн судья Дамир Оңолбековдун да кызматтан кетишин талап кылууда. Тосулган жол милиция кызматкерлеринин аракети менен кайра ачылды. (EBM)