Шайба хоккейинен өлкө чемпиондугу үчүн таймаш өтүүдө

Бүгүн Бишкекте башталган мелдеш 20-декабрда аяктайт. Спорттук баяндамачыбыз Кабыл Макештин билдиришинче, мөөрөй талашка Кыргызстандын 8 командасы жана Казакстандын 1 хоккей тобу катышып жатат.

Чемпионаттын биринчи бөлүгү сентябрь айында өткөн. Анда Чүй облусунун Ак-Түз айылынын “Горняк” командасы биринчи орунду ээлеген болчу. (EBM)