Запкы жеген балдар үчүн борбор ачылат

Бүгүн Бишкек шаарында зордук-зомбулукка кабылган балдар үчүн атайын борбор ишин баштайт. Шаар мэриясынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, бул борбор запкы жеген балдарга жардам берүүчү Кыргызстандагы алгачкы мекеме болуп калмакчы. Бишкектеги 14-мектептин курамындагы борбордо он чакты адис зордук-зомбулуктун бардык түрүнө кабылган өспүрүмдөргө психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүп турушат. Бул долбоор Бишкек шаардык мэриясы, ЮНИСЕФ жана “Балдар укугун коргоочулар лигасы” коомдук фондунун демилгеси менен ишке ашууда. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда ар бир үч өспүрүмдүн бирөөсү ар кандай запкы жегени кабарланып келет. (KKs)