Ошто жол кире кымбатташы мүмкүн

Жаңы жылга чейин Оштогу маршруттук таксиде жүрүүнүн жол акысы 10 сом болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу «Азаттыкка» шаардык Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчысы Искендер Жороев билдирди. Анын айтымында, алар унааларда мектеп окуучуларын акысыз ташуу максатында ушул кадамга барып жатышат.

«Буга чейин маршруттук унааларда окуучулардан 1 сомдон жол акы алчу элек. Ага көпчүлүк ата-энелер нааразы болушуп, акысыз ташыгыла деп жатышат. Биз окуучуларды бекер ташуу үчүн чоң кишилерден алынчу жолкирени кымбаттатуу сунушун шаардык Кеңешке бергени жатабыз»,- дейт Искендер Жороев.

Эгер шаар депутаттары бул сунушту жактырса, Ошто жаңы жылдын алдында маршруттук каттамдарда баа 10 сом болот. Азыр 8 сом. (SE/RK)