Кореяда жабыркаган кыргыз жараны мекенине кайтат

Кореядагы кыргыз эмгек мигранты, иш учурунда өндүрүштүк жараат алган Чынгыз Исраилов жакынкы күндөрү мекенине кайтат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кореядагы элчилигинен кабарлашты. 22 жаштагы Исраилов ушул жылдын жайында иштеп жаткан станокко колунун бармагын алдырып алган. Бирок ал өлкөдө мыйзамсыз жүргөндүктөң, ишкананын ээси аны визасы жок деген негизде түрмөгө каматып салганын Исраиловдун жакындары "Азаттыкка" билдиришкен болчу. Элчиликтин кийлигишүүсүнөн кийин ага бекер операция жасалып, 28 миң доллар төлөнүп берилгени маалым болду. Түштүк Кореяда эмгек мигранты болгон миңдеген кыргыздар мыйзамсыз жашап келишет. (RK)