Анкара Сирияга экономикалык санкция жарыялады

Ага ылайык, Сирия менен бардык финансылык карым-катнаш токтотулуп, президент Башар Асаддын өкмөтүнө таандык мүлк-дөөлөт тоңдурулат. Бул жөнүндө бүгүн Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Даудоглу жарыя кылды. Ал Сириядагы режим элдик чыгууларды кан төгүп басууну токтотууну сураган эл аралык коомчулуктун үндөөсүн укпай “өз жолун өзү бууду” деди. Даудоглунун айтымында, түркиялык компанияларга Сирияга аскерий каруу-жарактарды сатууга да тыйуу салынат. Катаал чара Дамаскиде бийликке мыйзамдуу өкмөт келмейинче сакталат. Мурдараак Арап Лигасы да Сирияга санкция жарыялаган. БУУнун эсебинче, мартта Асаддын бийлигине каршы элдик козголоң башталгандан берки кагылыштарда 3, 5 миңден ашуун адам набыт болду.