Мэр Өмүркуловдун уулу боюнча соттук териштирүү токтоду

Бишкектин мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркуловго карата соттук териштирүү токтоду. Бул тууралуу чечим Токмок шаардык сотунда бүгүн кабыл алынганын Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев "Азаттыкка" билдирди. Чечимдин кабыл алынышына жабыркаган тараптын соттолуучуга доосу жок болгону себеп болду. Быйыл агустта Ысык-Көлдөн келаткан унаа жолунда автокырсыкта үч адамдын жаны кыйылган. Иликтөө учурунда Азамат Өмүркулов күнөөлүү экени далилденген. Тергөө учурунда ал үй камакка алынган. (RK)