Өзбекстанда белгилүү гезит чыкпай калды

Азаттыктын өзбек кызматы билдиргендей, «Зеркало 21-века" гезити» каржынын тартыштыгынан чыкпай калды. Орус тилдүү басылманын редактору Баходыр Юлдашев гезиттин лицензиясы күчүндө экенин, келерки жылы кайра чыга башташы мүмкүндүгүн билдирди. 1990-жылы негизделген гезит маанилүү социалдык жана экономикалык маселелерди чагылтырып келген. Басылмалардын басымдуу көпчүлүгү мамлекеттин көзөмөлүндө болгон Өзбекстанда бийликтер «Одамлар орасында», «Муносабат», Мохият» өңдөнгөн салыштырмалуу эркин гезиттерди жаптырган.