Карамай аткезчилиги боюнча маалыматты аким тастыктаган жок

Чоң-Алай районунун акими Абдилазиз Алайчиев депутат Акылбек Султановдун карамай аткезчилиги Баткенден аталган районго өттү деген маалыматын жокко чыгарды. Султанов парламенттин 3-ноябрдагы жыйынында Чоң-Алай менен Тажикстандын чек арасында төрт май куючу бекет курулуп жатканын, аймакта мынча майды пайдалангыдай эл деле жашабасын, ошондуктан топтолгон майларды Тажикстанга сатуу аракети жүрүп жатканын билдирген болчу.

Аким Алайчиев май бекеттери өкмөттүн уруксаты менен курулуп жатканын маалымдап, кара май аткезчилиги Баткенден Чоң-Алайга көчкөнүн төгүнгө чыгарды. Кара-Мык бажы бекетинде мынлан бир ай мурун май тартып бараткан төрт унаа кармалып, бирок алардын документтери туура чыкканын, ошондон бери май ташыган унаалар өтө электигин билдирди.

Кыргыз өкмөтү өткөн айда карамай аткезчилигине каршы атайын штаб түзгөн болчу. Буга Кыргызстандан Тажикстанга Баткен аркылуу күйүүчү майдын мыйзамсыз ташылышынын көбөйүп жатканы себеп болгон. (EBM)