Кытайлык космос кемеси орбиталдык модуль менен туташты

Кытайдын Синхуа агенттиги маалымдаганына караганда, пилотсуз "Шенчжоу 8" космос кемеси "Тянгун 1" орбиталдык модуль менен туташты. Кеме шейшемби күнү учурулган. "Тянгун" 2020-жылы ишке кирет деп күтүлүп жаткан болочок космос станциясынын модели. Эмки жылы "Тянгунга" дагы эки кеме учурулмакчы. Кеминде бир экспедиция космонавттарды камтыйт жана экипажга бир аялды киргизүү пландалууда.