Нарында карышкырлар күч болууда

Нарын облустук администрациянын маалыматына ылайык, быйыл карышкыр 100дөн ашуун жылкыны, 30дай топозду жана 300дөн ашуун кой-эчкини жарып кетти. Натыйжада жергиликтүү эл 5 миллион сомдон ашык чыгымга учурады. Жыл башынан бери 120 карышкыр атылды.

Нарында карышкырлар маселеси соңку учурда көп көтөрүлө баштады. Адистердин айтымында, элде мал-жан арбый баштагандан бери карышкырлар да күч алууда. (EBM)