Коогадан жабыркаган шаарларды калыбына келтирүү иштери талданат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы боюнча комитети Ош шаарында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын ишин талкуулайт.

Былтыркы июнь коогасында Ош менен Жалал-Абадда эки миңдей турак-жай жабыркаган болчу. Зыян тарткан ишкерлерге жардам берүү да мамдирекция аркылуу жүргүзүлөт. (EBM)