Коомдук байкоочу кеңештер боюнча мыйзам каралат

Расмий маалыматка ылайык, “Коомдук байкоо кеңештери жана башка коомдук көзөмөл уюмдары” тууралуу мыйзам 27-октябрда талкууга салынып, алымча-кошумчалар киргизилгенден кийин ноябрь айынын башында Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.

Кыргызстанда мекемелердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөй турган байкоочу кеңештер былтыр ноябрь айынан тарта бардык министрликтерде түзүлгөн болчу. (EBM)