Кылмышка шектелген түрк жараны Бишкекке жеткирилди

Июнда Кыргызстандын жараны Чолпон Орузбаеваны сабады деп күнөө коюлган Түркиянын жараны Гүнеш Йылмаз Бишкектин тергөө абагына жеткирилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Баш прокуратурасынан маалымдашты. Ал экөө тең Бишкектеги "Бета сторес" соода борборунда иштешчү. Райондук милиция Йылмазды камакка алыш керек десе, шаардык сот тил кат алып коё берген болчу. Ошол бойдон издөөдө жүрүп кыргыз-казак чек арасынан кармалган. 14-октябрда казак полициясы аны кыргызстандык милицияга өткөрүп берди. Чолпон Орузбаеваны сабады деп күнөөлөнүп жаткан Йылмазды таап, жазалоо талабын коюп бир катар бейөкмөт уюмдар Бишкекте нааразылык акцияларды өткөрүшкөн. Йылмаздын адвокаты анын күнөөсү жок экенин айтып келет. (RK)