Бабанов: Шайлоодо коомдук коопсуздук толук камсыздалат

Президенттик шайлоо учурунда Кыргызстанда коомдук коопсуздук толук камсыз кылынат. Бул тууралуу бүгүн өткөн жыйында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов билдирди. Анын айтымында, күч түзүмдөр толук камсыздалды. Шайлоонун тынч өтүшү боюнча мамлекет тарабынан жасалып жаткан аракеттердин далили катары быйыл атайын оперативдүү штаб түзүлгөнү айтылды. Мурда маалым болгондой, 6 жарым миң милиция кызматкери менен биргеликте коомдук коопсуздукту камсыз кылууга элдик кошуундардын 14 миң мүчөсү да катышат. Шайлоо 30-октябрда болот. Талапкерлердин саны 19 адам. (KKs/RK)