Бүгүн Алматы шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин биринчи саммити өз ишин баштады. Ага Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева, Казакстан, Түркия жана Азербайжандын жетекчилиги катышууда. Максат - кызматташтыкты бекемдөөнүн жолдорун иштеп чыгуу. Уюмду түзүү боюнча келишим 2009-жылдын 3-октябрында кабыл алынган. (RK)