Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү жыл сайын белгиленет

Кыргызстан жыл сайын 24-сентябрда Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнүн белгилейт. Бул тууралуу токтомду бүгүн Жогорку Кеңеш кабыл алды. Күзүндөгү күн менен түндүн теңелген учурунда мындай күндү белгилөө символикалуу экенин депутаттар белгилешти. (RK)