Хиллари Клинтон күтүүсүз сапар менен Ооганстанга келди

Клинтон Кабулга кечээ кечинде барды

Бүгүн АКШнын Мамлекеттик катчысы Х.Клинтон ооган мамлекетинин башчысы Хамид Карзай менен жолугушат. Клинтон бул ирет Ооганстанда жүрүп жаткан жарашуу процессин колдой турганы күтүлүүдө.

Өткөн айда экс-президент Бурхануддин Раббанинин киши колдуу болушу талиптер менен элдешүү жараянына катуу сокку болгону айтылган. Раббани жарашуу комиссиясын жетектеген болчу.

Мамкатчы ооган жетекчилиги менен бул өлкөдөн 2014-жылы америкалык аскерлер толук чыгарылгандан кийинки америка-ооган мамилесинин форматын аныктоочу коопсуздук боюнча келишимди да талкууламакчы.