Бишкекте бонсай көргөзмөсү өтөт

Бул тууралуу көргөзмөнүн уюштуруучусу Марат Раимкулов “Азаттыкка” билдирди. Ал атасы Аширбек Раимкулов менен 25 жылдан ашуун убактан бери бонсайды, башкача айтканда бийиктиги 5-100 сантиметрлик бактарды өстүрүшөт. Учурда алардын саны 100гө жетти. Көргөзмөгө алардын 15и гана алынып келинет. Бир бонсайды өстүрүүгө 3 жылдан 5 жылга чейин убакыт кетет. Көргөзмө бүгүн Бишкектеги “Библиотека” кафесинде өтөт.

Бонсай – кадимки бак-дарактын кичирейтилген үлгүсүн өстүрүү искусствосу. Ал Кытайда биздин заманга чейин 231 жылы пайда болгон. Бонсай бир гана декоративдик өсүмдүк эмес, жапон ландшафт багбанчылыгынын негизи да болуп эсептелет. (КЕ)