Ошто дин тутуу эркиндиги талкууланат

Бул тууралуу “Азаттыкка” иш чараны уюштуруп жаткан “Ачык ой пикир” коомдук фондунун директору Дмитрий Кабак кабарлады. Жыйында жарандардын дин тутуу эркиндиги, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн диний уюмдар менен биргелешип кызматташуу жана ушул багыттагы мыйзамдарды жакшыртуу боюнча талкуулар өтөт. Ага ар кайсы диний багыттагы уюмдардын өкүлдөрү катышат. Иш-чара ЕККУнун Бишкектеги борборунун колдоосу менен уюштурулууда.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, өлкөдө 30дан ашуун диний багыт боюнча 2 500дөй диний уюм каттоодон өткөн. Каттоодон өтпөй жүргөндөрү да бар. (КЕ)