Кыргыз Улуттук академиялык драма театры 85-театрдык сезонун ачты

Кыргызстандын ордо шаары Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры масштабдуу реконструкциядан кийин өзүнүн сексен бешинчи театрдык сезонун ачты. Анын ачылыш салтанатына 18-октябрда мамлекет башчысы Роза Отунбаева катышты.
Кыргызстандын мамлекет башчысы 4 жылдык тыныгуудан кийин театр кайрадан бишкектик театр сүйүүчүлөргө эшигин ачышы үчүн көп аракеттер жасалгандыгын айтты. “Биз имаратты толук ремонттон өткөрүп, буга 26,5 млн. сом жумшадык”, - деди президент Отунбаева.
Театрдык жаңы сезон «Курманжан Датка» спектаклин көрсөтүү менен ачылды. (RK)