Нарында “Мыкты айыл өкмөтү” аныкталды. Бул тууралуу “Азатыкка” сынактын комиссия төрагасы Эмил Алымкулов билдирди. Маалыматка ылайык, комиссиянын 24 мүчөсүнүн 18инин жашыруун добушун алган Нарын районуна караштуу Миң-Булак айыл өкмөтүнө баш байгеге коюлган "Хонда" автоунаасы тапшырылды. 1-орун алган эки айыл өкмөтүнө Дубайга эс алууга жолдомо, 2-3-орундарга акчалай жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.Сынак облус губернатору Канатбек Муратбековдун демилгеси менен уюштурулганын кабарчыбыз Эркингүл Бокоева маалымдайт. (ErB/RK)