Вьетнамда суу каптоонун курмандыктары көбөйүүдө

Вьетнамдын борбордук райондорунда жана Меконг дарыясынын айланасында суу каптоодон ажал тапкан кишилердин саны 55ке жетип, дагы бери дегенде 4 киши белгисиз бойдон калууда. Суу 170 миңдей турак-жай жана 23 миң гектар күрүч талааларын басканы айтылууда. Жабыр тарткан аймактан 7 миң киши коопсуз жайга көчүрүлгөн.
Вьетнамда катуу жаандан кийинки суу каптоо 3 аптадан бери уланууда.