Ак-Сууда жаш үй-бүлөлөр үй салганга жер талап кылууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Октябрь айыл өкмөтүнүн Маман жана Жолголот айылдарында жашаган миңге жакын жаш үй-бүлө турак үй үчүн жер бөлүп берүүнү талап кылышууда. Кабарчыбыз Мария Колесникованын маалымдашынча, ушул тапта алар облустук администрациянын алдында нааразычылык акциясын өткөрүп жатышат. Отуз чакты адам катышкан митинг кечээ да өткөн. Көчөгө чыккандардын айтымында, бул эки айылдагы жер аянттарынын көпчүлүк бөлүгүнө бир катар акционердик коом ээлик кылат. Облустук бийлик жер маселеси олуттуу көйгөйгө айланып турганын белгилөөдө. (MK/RK)