100 жаштагы киши марафондун дүйнөдөгү эң кары катышуучусу болду

Канадада 100 жаштагы киши марафонго толук катышкан дүйнөдөгү эң кары адам аталды. Теги индиялык Фаужа Сингх Торонтодо 8 саат 25 мүнөттүк марафонго катышты. Бул үчүн ал Гиннестин рекорддор китебине кирди. Ал акыркы линияга жетип келгенде жумушчулар марафондун жарнамаларын жыйнап жатышкан экен.