Орусия: «Локомотив» командасы дуушар болгон кырсыкка 40 күн

Ярославл шаарында авиакырсыктын курмандыктарын эскерүү жана кайрымдуулук иш чарасы «Арена-2000» спорт комплексинде өтөт. Андан чогулган каражат курман болгондордун үй бүлөсүнө көмөк катары берилет.

7-сентябрда «Локомотив» хоккей командасынын мүчөлөрүн салган ЯК-42 учагы жергиликтүү Туношна аба майданынан асманга көтөрүлүп барып, жерге кулап жарылган. Учактагы 45 кишинин бирөө гаан аман калган. Кырсыктын себептери иликтенүүдө.