Apple компаниясынын акциясы эң жогорку чекке жетти

Жума күнкү биржалык сооданын жыйынты боюнча Apple компаниясынын акциясы жаңы үлгүдөгү iPhone 4S акылфон сатыкка чыккандан берки эң жогорку баага - 422 долларга жетти.

Айрым божомолдорго караганда, ушул ишемби-жекшембиде дүйнөдө 2 миңден 4 миңге чейинки жаңы үлгүдөгү акылфондор сатылат.