Пусан шаарында Азиядагы ири кинофестиваль аяктады

Ирандык режиссер Мортеза Фаршбаф Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн кинофестивалдын баш байгелеринин бирин жеңди. Анын “Аза күтүү” деген тасмасы жана филиппиндик режиссер Лой Арсенастын “Нино” деп аталган тасмасын калыстар тобу жогору баалашты. Азиядагы эң абройлуу киножарыштардын катарына кирген фестивалга быйыл ондогон өлкөлөрдөн 300дөй фильм катышкан. Анын уюштуруучулары жакында Иранда 6 режиссердун тыңчылык кылган деген айып менен камалышына байланыштуу камтамачылыгын билдирип, алардын бошотулушун талап кылышты.