Мадумаровдун Нарындагы баннерин ким айрыганы аныктала элек

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун Нарын шаарынын кире беришине илинген рекламалык чоң сүрөтүн ким айрыганы аныктала элек. Ал өрттөлдү деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу “Азаттыктын” Нарындагы кабарчысы Эркингүл Бокоева билдирди.

Мадумаровду президенттикке көрсөткөн “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Нарын шаардык штабынын кызматкери Насирдин кызы Элзанын айтымында, жергиликтүү өкүлчүлүк Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө кайрылып, бирок ким жасагандыгын аныктай албай жатат. Жергиликтүү ички иштер кызматы болсо партиядан эч кандай кайрылуу түшкөн жок деп ишендирүүдө.

Узуну 17 метр, туурасы 6 метрлик баннерди 2-октябрь түнү айрып кетишкен. Президенттик шайлоо Кыргызстанда 30-октябрда болот. (ErB/RK)