Шайлоодогу үгүт эрежелеринин сакталышы талкууланды

Бишкекте президенттик шайлоого карата үгүт иштеринин жүрүшү талкууланды. "Хаятт" мейманканасында өткөн тегерек үстөл талкуусуна талапкерлердин өкүлдөрү, Боршайком мүчөлөрү, жарандык коом, эл аралык уюмдардын, тартип коргоо органдарынын жана парламенттин өкүлдөрү катышышты. Талапкер Алмазбек Атамбаевдин үгүт кампаниясында административдик ресурс пайдаланылып жатканы айтылды. Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов бул айыптоолор негизсиз экенин айтты.

Президенттик шайлоо Кыргызстанда 30-октябрда болот. Ага катышып жаткан 20га жакын талапкердин арасында премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон Алмазбек Атамбаев да бар. (RK)