Болгарияда журналисттин унаасы жардырылды

13-октябрь күнү кечинде болгариялык журналист Сашо Диковдун унаасы София шаарында колго жасалган жардыргыч заттан жардырылды. Эч ким жабыркаган жок.

Диков "Канал-3" аттуу менчик телеканалдын программалык директору болуп иштеп, өкмөттү кескин сындаган берүүлөрү менен таанымал.
Жарылуу Еврокомиссиянын жетекчиси Жозе Мануэл Баррозу Болгарияга 2 күндүк иш сапары менен келгенден бир нече сааттан кийин болду.

23-октябрда Болгарияда президенттик жана муниципалдык шайлоо болот.