Калифорнияда чач тарачтагы атышууда 8 киши набыт болду

Лос-Анжелес шаарынын түштүк-чыгышындагы Сил Бич шаарчасында жергиликтүү чач тарачта ок атышуу 12-октябрь күнү кечинде болгон. Жергиликтүү полиция жарадарлардын абалы өтө оор экендигин маалымдады. Полиция окуя болгон жердин жанынан шектүү адамды кармап, андан курал да табылганы белгилүү болду.