Шайлоо: Мыйзам бузуунун 8 фактысы катталды

Ички иштер министрлиги үгүт материалдардын айрылып-өрттөлүшүнө байланыштуу жетиштүү чара көрүлбөй жатат деген айрым укук коргоочулардын дооматын четке какты. ИИМдин билдиришинче, президенттик жарыш башталгандан бери мыйзамга туура келбеген 8 факт катталган, үч кылмыш иши козголгон. Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрда өтөт. (EBM)