Нарын: Дыйкандар алган насыяны кайтара баштайт

Нарын облустук администрациянын маалымдашынча, аймакта 55 миллион сомдон ашык каражатты 550дөй дыйкан чарба өкмөттөн 9 пайыздык жеңилдетилген насыя катары алган. Кредиттин басымдуу бөлүгү Кочкор районуна берилген. Насыяларды кайтаруу ушул айда башталат. Өкмөт быйыл өлкө дыйкандарына жеңилдетилген насыя берүү үчүн 1 миллиард сом бөлгөн болчу. (EBM)