Ошто эски төрөткана жаңыланды

Ош шаарындагы төрөт үйү үч айлык ремонттон кийин пайдаланууга берилди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, оорукана 1968-жылы жаңы курулгандан бери оңдолгон эмес болчу. Медициналык жабдуулар да эскирген эле. Төрөт үйүн оңдоого Түрк өкмөтү жардам берди. 150 миң долларлык тез жардам унаасы бардык жабдуулары менен алынды. 1968-жылдан 2011-жылга чейин Оштогу төрөт үйүндө 230 миңден ашуун ымыркайдын киндиги кесилген. (EBM)