Суваналиев Ош шаарынын шайлоочулары менен кезикти

Президенттикке талапкер Өмүрбек Суваналиев Ош шаарынын шайлоочулары менен жолугушуу өткөрдү. "Азаттыктын" кабарчысы Эрнист Нурматовдун маалымдашынча, жолугушуу суроо-жооп түрүндө өттү. Байкоочулардын баамында, ага эки жүздөй адам катышты. Кыргызстандын президентин шайлоо 30-октябрда болот. (ErN/RK)