Еврофутбол-2012ге дагы 4 команда жолдомо алды

Дания, Франция, Грекия, Орусия жана Швециянын футболчулары келерки жылы Украина жана Польшада өтчү Европа чемпионатына жолдомо алышты. Шейшемби күнкү беттеште Дания Португалияны 2:1 эсебинде, Франция менен Босния-Герцеговина 1:1, Грекия-Грузия 2:1, Орусия- Андорра 6:0, Швеция-Нидерландия 3:2 эсебинде бүттү.

Буга чейин 2012-жылкы Еврочемпионатка Испания, Германия, Нидерландия жана Италиянын футболчулары жолдомо уткан.