Ошуракунова: Ыктымал коркунучтардан чочулоо бар

Бүгүн “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы 21-сентябрдан 8-октябрга чейинки узак мөөнөттөгү байкоолору боюнча экинчи баяндамасын жарыялады. Ага ылайык Кыргызстанда шайлоо алдындагы кырдаал салыштырмалуу тынч. Бирок жер-жерлерде калк арасында дале болсо кооптонуу жана тынчсыздануу сакталып турат. Коалициянын жетекчиси Динара Ошуракунованын айтымында, айрым бийлик өкүлдөрүнүн шайлоодогу ыктымал коркунучтар тууралуу билдирүүлөрү эл арасында кооптонууларды күчөтүп жатат. (KKs)