Бишкекте USAIDдин 50 жылдыгы белгиленди

Бишкекте USAIDдин 50 жылдыгы белгиленди. Салтанатка кыргыз өкмөтүнүн, донор уюмдардын, жергиликтүү жана эл аралык компаниялардын жана жарандык коомдун 120дан ашуун өкүлү чогулду деп маалымдайт АКШнын Кыргызстандагы элчилиги. USAID же АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттигин 1961-жылы АКШ президенти Жон Кеннеди уюштурган. Аны Америка эли каржылайт. 1992-жылдан бери USAID дени сак жана үзүрлүү жашоо сүрүү үчүн өз жарандарына мүмкүнчүлүк бере ала турган тынч жана демократиялык коомду түзүүдө Кыргызстандын өнөктөшү болуп келүүдө. USAIDдин программалары Каракол, Баткен, Талас жана Нарын сыяктуу өлкөнүн эң алыс жайгашкан аймактарын камтыйт. 18-жылдан бери айыл чарба, саламаттыкты сактоо жана экономикалык өнүгүү багыттарындагы реформаларды колдоо иретинде Кыргызстанга 490 миллион доллар жардам берген. (RK)