Словакия еврозонадагы каржылык жардам фонду боюнча каршы добуш берди

Словакия парламентинин чечими өзгөчө маани менен күтүлгөн. Анткени 440 миллиард евролук фондду түзүш үчүн бул идеяны еврозонадагы 17 өлкөнүн баары колдошу шарт болчу. Буга чейин Еврошериктештиктеги 16 өлкө бул демилгени колдоп добуш берген эле.

Өлкөнүн премьер-министри Ивета Радичованын башкаруучу коалициясына кирген партиялар аталган корду түзүү боюнча бир пикирге келе алган жок. Би-Би-Синин Братиславадагы кабарчысы жакынкы күндөрү кайрадан добуш берүү болуп, жыйынтыгында маселе колдоого алынышы мүмкүн экендигин маалымдады.

Буга чейин премьер-министр Радичова анын коалиция боюнча өнөктөштөрү кокус сунушту колдобой калса, кызматтан кетерин эскерткен.