Орусия: Бычак жеген кыргыз жарандары боюнча кылмыш иш козголду

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 8-октябрда түнкү саат 12лер чамасында метронун “Рижская” станциясынан Черняков аттуу жаран кармалган. Ал кыргызстандык эки жаранды бычактады деп айыпталып жатат. Бычак жегендердин бирөөсү алгачкы медициналык жардамдан кийин үйгө чыгарылган, экинчиси ооруканада дарыланууда. 9-октябрда дагы бир кыргызстандык жаран бычак жеп полицияга кайрылган. Буга байланыштуу Өзбекстандын жараны кармалган. Бул факттар боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергеп-иликтөө уланууда. (EBM)