Нарында айыл-чарба жарманкеси өтөт

Нарын шаарында айыл-чарба азыктарынын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Нарын шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Кубан Чымылдаков билдирди. Маалыматка ылайык, жарманке 14-15-октябрда Нарын шаарынын Теңир-Тоо аянтында болот. Иш-чарада райондогу дыйкандар жана фермерлер өстүргөн картошка, сабиз, кызылча, сүт-эт азыктары базардагыдан төмөн баада сатылат. (ErB/RK)