11-октябрдын аба ырайы

Шашылыш эскертүү
11-октябрда Чүй облусунун тоо этектеринде, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында айрым жерлерде 0-2 градус үшүк сакталат. Мындай үшүк жыйналбаган мөмө жана жашылча-жемиштерге коркунучтуу.

11-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 2-7, күндүз 18-23,
Талас облусунда түнкүсүн 0-5 градус жылуу, айрым жерлерде 2 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт, күндүз 17-22,
Баткенде түнкүсүн 3-8, күндүз 20-25 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн абанын температурасы 4-9, күндүз 21-26 градус,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0-5 градус жылуу, айрым жерлерде 2 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт, күндүз 13-18,
Нарында түнкүсүн 3 градус сууктан 2 градуска чейин жылуу болот, күндүз 15-20.
Тоолордо түнкүсүн 10-15 градус суук, ал эми күндүз нөлдөн беш градуска чейин жогору болот.

Бишкекте дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн 3-5 градус, күндүз 20-22 градус жылуу болот.