Медведев инвестициялык климатты жакшыртыш керек деди

Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин айтымында, быйыл жыл башынан бери чет-өлкөлүк инвесторлор өлкөдөн 37 млрд.евро чыгарып кетишкен. Бул, былтыркы жылга салыштырмалуу, үч эсе көп дегенди билдирет.

Краснодарда “Бирдиктүү Орусия” партиясынын жыйынында сүйлөп жатып, орус президенти акыркы 10 жылда мамлекетте чет-өлкөлөрдөн инвестицияны тартууга жолтоо болгон жагдайлар жок кылынбаганын мойнуна алды.